Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Чаткал районундагы Шекафтар айылында 1949-жылдан бери иштеп келген стадион реконструкциядан кийин ачылды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ачылыш аземине президенттин өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Стадионду жаңылоого 23 млн 290 миң сом жумшалды. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.
Иш-чарада Тилек Текебаев жаңыланган стадион жаштардын спорт менен машыгуусуна жана айылда мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле спорттук мелдештерди уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн 100 миң сомдук сертификат тапшырды.