Көлмө конушунда Теңдик көчөсүнө асфальт төшөө иштери аяктап калды

Коом 29 сентябрь 2025 14:10
Izobrazhenie_W_g2sKW6E.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Izobrazhenie_W_hYhihZb.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Izobrazhenie_W_QQVH9Yv.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Izobrazhenie_W_WjwBXiY.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Бишкектин Көлмө конушундагы Теңдик көчөсүндө жол куруу иштери аяктап баратат

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарындагы Көлмө конушунда, тактап айтканда, Мидин көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейинки аралыктын Теңдик көчөсүндө жол куруу иштери соңуна чыгып калды.

Маалыматта белгиленгендей, асфальттын биринчи катмары толук төшөлүп бүтүп, учурда кудуктардын капкагын жолдун үстүнкү деңгээлине чейин көтөрүүдө. Алдыдагы күндөрү экинчи катмарын төшөө иштери башталат.

Мындан тышкары, жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар толук бүткөрүлдү. Ошондой эле, ирригациялык система орнотулуп, шаардыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.