Климаттын өзгөрүшү жана сугат суу тартыштыгы: Ош облусундагы абал

Аймак Загрузка... 15 Май 2026 13:50
WhatsApp Image 2026-05-15 at 13.46.06.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Акыркы 20 жылда Ош облусунун аймагында дээрлик 30%га сугат суу азайып кеткен. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, бул биздин өлкөдөгү эле көрүнүш эмес, климаттын өзгөрүшүнө жараша дүйнө жүзү боюнча суу жылдан жылга азайып жатат.

“Буга чейин Папан суу сактагычында кышы менен 250 млн куб суу сактап келсек, быйыл 170 млн куб гана суу сактадык. Ал эми Найман суу сактагычында 31 млн куб сактаган болсок, бүгүнкү күндө 19-20 млн куб суу топтоого жетиштик. Суу азайып жаткандыктан дыйкандар менен түз сүйлөшүү жолдорун жүргүзүп жатабыз. Мисалы, эл да сууну туура колдонууга аракет кылып, тамчылатып сугаруу ыкмаларына өтүш керек. Бизде Ош облусунда июндан баштап мөңгүлөр ээрип, суулар кошула баштайт. Ага чейин суу сактагычтарда топтолгон сууларды пайдаланууга беребиз”,- деди Кенжебаев.

Ал ошондой эле быйылкы жылга суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР, БСР) салууга президент тарабынан 800 млн сом каражат бөлүнүп, тиешелүү министрлик өздөштүрүп жатканын кошумчалады.