Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү: Президент жаңы мыйзамга кол койду

Президент Загрузка... 10 Июль 2026 22:46
IMG_4699.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров ”Климаттык иш жөнүндө“ мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган.

Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары:

  • Климаттын туруктуулугун камсыз кылуу жана бул багыттагы мамлекеттик саясаттын максаттарын, принциптерин аныктоо;
  • Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү каржылоонун укуктук негиздерин түзүү;
  • Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү, ошондой эле аны чыңдоо;
  • Кыргыз Республикасында климат чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.