Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бишкекте климаттын өзгөрүшү жана климаттык туруктуулук боюнча кыргыз-корей биргелешкен семинары өтүп, анда өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана климаттык тобокелдиктерди алдын алуу маселелери талкууланды.
Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчилиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Семинарда ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын директору Даурбек Сакыев климаттын өзгөрүшү сел, суу ташкыны, жер көчкү, кар көчкү жана бийик тоолуу көлдөрдүн жарылышы сыяктуу кооптуу жаратылыш процесстерине таасир этип жатканын белгиледи.
Анын айтымында, климаттык тобокелдиктерди башкаруу өзгөчө кырдаал болгон учурдан эмес, алдын ала мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды талдоо, мүмкүн болуучу сценарийлерди моделдөө жана калкты өз убагында эскертүү иштеринен башталышы керек.
Семинардын жүрүшүндө климаттык коопсуздукту камсыз кылууда заманбап гидрометеорологиялык инфраструктуранын ролу да каралды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кореянын климаттын өзгөрүшү жаатындагы кызматташтык боюнча алкактык келишими 2025-жылдын 14-майында күчүнө кирген.