Көңүлгө көк таштай тийген Бишкектин тыгыны

Коом Загрузка... 28 Август 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек. Таң атары менен жумушуна, балдары менен мектеп, бала бакчага, же зарыл иштери менен шаар ичине чыгууга камынган адамдар. Алар жолго чыгаарда эң биринчи эле оюна эмне келет деп ойлойсуз? Албетте, жолдордогу тыгын. Бул маселе алардын гана эмес, борбор калаанын конокторунун да жүрөк өйүткөн көйгөйлөрүнүн бирине айланды.

Жарандардын эсинде болсо керек. Буга чейин шаар ичинде жүргүнчүлөрдү “маршруткалар” ташычу. Ошол унаалар тыгындын жаралышынын бирден-бир себеби экени айтылып, шаар ичинен толугу менен чыгарылган. Алардын ордуна автобустар киргизилди. “Маршруткалар” кетип унаа тыгыны чечилдиби? Бул суроого ооба деп жооп айтуу кыйын. Анткени эртең менен жана кечке маал автобустардагы элдин жык-жыйма болушу башка маселе. Бул да жүргүнчүлөрдүн унаа тыгынынан кийинки эле олуттуу көйгөйү десек болчудай.

Бүгүнкү күндө Бишкекте жолдор салынып, бир катар көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабык. Ал эми окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды. Бишкек шаарында жалпысынан 120 мектеп, 118 бала бакча бар. Өлкөдөгү 80ден ашык жогорку окуу жайлардын басымдуу бөлүгү борбор калаада жайгашкан. 1-сентябрдан тарта жолдогу тыгын маселеси азыркыдан да кыйындай турганы талашкыс маселе.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте курулуш иштери жүрүп жаткан жолдорду кыдырып чыккан. Анда мэр бир иштерди тездетүүнү тапшырып, 20-октябрга чейин толук бүтүрүү керектигин айткан.

Ал арада Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин Бишкек шаарынын бардык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында (медициналык билим берүү уюмдарынан тышкары) окуу процессин аралыктан (онлайн форматта) жүргүзүү чечимин кабыл алды. Мындай чараны министрлик борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алган.

Бул маселе боюнча мэрияга кайрылганыбызда төмөнкүдөй маалымат беришти.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жолдорду реабилитациялоо жана жылуулук түйүндөрүн реконструкциялоонун алкагында жабык турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Лев Толстой көчөсү Асаналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин, Л.Толстой көчөсү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан Калык Акиев көчөсүнө чейин;
  • Бакаев көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
  • Курманжан датка көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
  • Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин;
  • Шүкүров көчөсү (көпүрө);
  • Ауэзов көчөсү (көпүрө);
  • Калинин көчөсү Салиев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Абдумомунов көчөсү Турусбеков көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейин;
  • Дэн Сяопин проспектиси Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин, Дэн Сяопин проспектиси Кустанайская көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (экөө тең жолдун түштүк тарабында)
  • Фучик көчөсү Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Жылытуу тармактары:

  • Фрунзе көчөсү Осмонкул көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин жабык. Бирок бардык кесилишкен көчөлөр унаа кыймылы үчүн ачык бойдон калууда.
  • Осмонкул көчөсүнүн батыш тарабы Чүй проспектисинен түштүккө карай №3 насостук станцияга чейин.

Деген менен эки жума ичинде маселе чечилип, эл тыгынсыз жүрүп баштайбы аны убакыт көрсөтөт. Социалдык тармакта шаар тургундары жол оңдоо иштери күнүмдүк турмушка ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтышууда. Ошондой эле окуу башталса унаалардын тыгыны дагы көбөйүп, кыйынчылыктар болорун билдирип тынчсызданып жатышат.

Төмөндө социалдык тармактын колдонуучуларынын биринин билдирүүсү: