Көл жергесине шамал жана күн электр станциялары курулууда

Аймак Загрузка... 02 Июнь 2025 22:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Ысык-Көл облусу өлкөнүн “жашыл” энергетика борборуна айланат. Атап айтканда аталган аймакта энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жети объектинин курулушу старт алды. Алардын экөө шамал, ал эми бешөө күн электр станциялары болуп саналат. Бул долбоорлор өлкөнү экологиялык жактан таза энергия булактарына өткөрүү жана аймакка инвестиция тартуу максатында ишке ашырылууда.

--------------_eBacWjj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бул энергетикалык объектилер туурасында маалыматтар президент Садыр Жапаровго билдирилген.

52964413092440_O6Z7ePJ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Долбоорлордун эң ириси - Тору-Айгырдагы күн электр станциясы

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Тору-Айгыр айылында жайгашкан күн энергетикасы боюнча ири долбоор - «Бишкек Солар» компаниясына таандык. Жалпы аянты 407 гектар болгон жер тилкесине кубаттуулугу 300 мегаватт күн электростанциясы курулууда. Инвестициянын жалпы көлөмү - 270 миллион АКШ долларын түзөт, анын 25 миллиону Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

Балыкчыга алгачкы шамал станциясы курулууда

Муну менен катар эле Балыкчы шаарына «Метрум KG» компаниясы шамал электр станциясын куруп жатат. Аянты 9,8 гектар болгон жерге 100 даана шамал генератору орнотулат, ар бири 2 мегаватт электр энергиясын берет. Станциянын жалпы кубаттуулугу 200 мегаватт болот. Долбоордун алдын ала баасы баштапкы этапта 250 миң доллар деп бааланууда.

WhatsApp_Image_dz5vKTT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Долбоордун аймак жана өлкө үчүн стратегиялык мааниси

Бул объектилер өлкөдө биринчи жолу ишке ашырылып жаткан флагмандык долбоорлор болуп эсептелет. Алардын ишке ашуусу жаңы жумуш орундарын түзүп, энергетикалык коопсуздукту бекемдейт жана Кыргызстанды салттуу энергия булактарынан көз карандылыгынан арылтат. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, келечекте дагы беш күн жана бир шамал станциясын куруу планы бар.

Чакан ГЭСтер туурасында

Аймакты комплекстүү өнүктүрүү планынын алкагында 2025-жылы Ысык-Көлдө төрт чакан ГЭСтин курулушу да башталат. Жалпысынан алганда, жыл аягына чейин өлкө боюнча иштеп жаткан суу ресурстарына негизделген 18 чакан гидроэлектростанция ишке берилет.

1718260818.max.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Төмөндө аймактагы айрым долбоорлор:

Боз-Учук ГЭСи (5,54 МВт) — 2025-жылдын августунда пайдаланууга берилет.

Койсу ГЭСи (9 МВт) — июнь айында ишке кирет.

Орто-Токой чакан ГЭСи (21 МВт) — 2026-жылы пайдаланууга берилет. Долбоор Кытайдын CHMC корпорациясы менен биргелешип ишке ашырылууда, наркы — 247,1 млн юань.

Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыковдун айтуусу боюнча, чакан ГЭСтер жергиликтүү керектөөчүлөрдү энергия менен камсыз кылат, суу ресурстарын үнөмдөөгө жардам берет жана ири объектилерге болгон жүктү азайтат. “Бул – энергетикалык өз алдынчалуулукка жетүүдөгү маанилүү кадам. Мындан тышкары, Кыргызстанда энергетикалык инфратүзүмдү кеңири жаңылоо иштери жүрүүдө. Энергияны үнөмдөө технологиялары киргизилүүдө, электр энергиясын өткөрүп берүү учурундагы жоготуулар азайып, СССР убагынан калган эски жабдуулар жаңыланууда», — деп белгиледи ал.