Көл-Төр көлүнүн жырылуу коркунучу жоюлду

Аймак 198 12 Август 2026 12:15

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Чүй районунун Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу жоюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар тарабынан жалпы узундугу 204 метр болгон сифондук түтүкчөлөр орнотулуп, көлдөгү суунун көлөмүн азайтуу боюнча иш-чаралар аткарылды.

Иштерге ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Кыргызгидрометтин директору жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери жана жалпы 41 куткаруучу тартылды.