Көл-Төр көлүнүн суусу көтөрүлүп, жээгин жууп кетүү коркунучу жоюлду

Аймак 10 Июль 2026 09:25
741402791_1035177556043890_6436405736040558380_n.jpg
740445545_871401242289663_2004352558905239529_n.jpg
741693724_1375970314430817_740920387161594970_n.jpg
742895720_1580549753790232_7210170700329677674_n.jpg
743699524_1521514286655272_93255513281261695_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүндө мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коопсуздукту камсыздоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда жүргүзүлгөн текшерүүдө Көл-Төр көлүнүн суусунун деңгээли көтөрүлгөнү аныкталган. Ошондой эле өткөн жылы орнотулган гофраланган корсис түтүктөрүнүн ажырап, чачылып калганы белгилүү болгон. Мындан улам көлдүн суусу ашып чыгып, агын суунун жер кыртышын жууп кетүү жана көл жээгинин бузулуу коркунучу жаралган.

"9-июль күнү Чүй райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан Султан Ибраимов айыл аймагындагы аталган көлдө алдын алуу иштери аткарылды. Куткаруучулар түтүктөрдү кайрадан чогултуп, натыйжада ашкан суу түтүктөр аркылуу коопсуз түрдө төмөн карай агызылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жүргүзүлгөн иштердин алкагында көлдүн абалы туруктуу көзөмөлгө алынып, кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары ийгиликтүү жыйынтыкталды.