Көл-Төр, Көл-Суу же Ташкент: Бул күздө кайсы багытты тандайсыз?

Коом 23 10 Август 2026 12:55
119882.1.1661153863.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн актуалдуу туристтик сунуштарына саресеп салууну улантат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, KyrgyzWorldtrip туристтик компаниясы багыттарга атайын арзандатууларды сунуштап, эс алууңузду дагы жеткиликтүү жана жагымдуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

KyrgyzWorldtrip менен сизди ыңгайлуу транспорт, тажрыйбалуу гиддер, кылдат иштелип чыккан багыттар жана сапаттуу уюштуруу күтөт. Туроператордун каталогунан ар кандай табитке ылайыктуу эс алуу багыттарын табууга болот.

Чет өлкөлүк багыттар: Алматыга кызыктуу саякаттар, ошондой эле Чыгыштын керемет дүйнөсүнө сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берген Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарларына турлар.

Кыргызстан боюнча турлар: кооз Көл-Төр көлү, ат менен саякаттоо турлары, Ала-Арча капчыгайы,  Сары-Челек көлү, бийик тоолуу Соң-Көл, сырдуу Көл-Суу, Ала-Көл, жомоктогудай Алтын-Арашан, ошондой эле айкалыштырылган туристтик программалар.