Көңүл буруңуздар! 11-февралда борбор калаанын айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 18:01
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде түтүктөрдү оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу таза суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-февраль күнү саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Скрябин - Абай - Радищев - Байтик баатыр - Медеров - Абай - Тыныстанов - Медеров - Скрябин - Малдыбаев - Медеров - Байтик баатыр.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.