Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. 2-июнда Бишкектин айрым аймактарында диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
- Жайыл Баатыр - Арча Бешик – Арашан - Санжыра - Муромский - Айни - Көпүрө Базар - И. Ахунбаев – Репин көчөлөрү менен чектешет.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.