Көңүл буруңуз! 18-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом 17 Февраль 2025 09:00
IMG_2233.png
IMG_2234.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2233.png
IMG_2234.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25./Кабар/. 18-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 18 - февраль күнү саат 10:00 - 15:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки уюмдарда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, сууну өчүрүү "Жеңиш" суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.