Көңүл бургула! Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кар көчкү түштү

Кырсык Загрузка... 06 Март 2026 11:35
copyright icon "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бүгүн саат 10:56 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда жолдо бир тараптуу каттам бар, жол кыймылы көзөмөлгө алынган.

Жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен карды тазалоо жана жолду толук ачуу иштерин жүргүзүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.