Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү убактылуу токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелет:
- Кийизбаева - Мамбетов - Курманжан Датка көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
- Ахунбев – Ш.Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
- Саманчин - Малдыбаев - Байтик Баатыр - Сүйөркулов - Тыныстанов - Малдыбаев - Ахунбаев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 14:00гө чейин.
Белгилей кетсек, суу берүүнү токтотуу таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.