Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым конуштарында түнгө чейин суу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-мартта төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9.00дөн 24:00 гө чейин берүү токтотулат.
Ичүүчү суу төмөнкү даректерде токтойт:
Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Ж. Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү.
Ошондой эле, «Красный Строитель» конушу, «Ак - Тилек» конушу, «Көлмө» конушу, «Алтын Бешик» конушу, «Салам Алик» конушу.
Белгилей кетсек, «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.