Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Эртең, 6-октябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 02:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу берилбейт.
Өчүрүү аймактары:
- Шабдан Баатыр көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев көчөсү – Гагарин көчөсү – Махатма Ганди көчөсү – Циалковский көчөсү – Т. Фрунзе көчөсү – Өмүр көчөсү – Алыкулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – Торугарт көчөсү чектери;
- Жумушчулар шаарчасы;
- Институт Земледелия конушу;
- Ак-Өргө конушу;
- Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы);
- Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн).
Өчүрүү ”Юго-Западный”, ”Гагарин” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүүчү профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.