Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда саат 09:00дөн 00:00га чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Шабдан Баатыр көчөсү - Субан Ата көчөсү - Анкара көчөсү - Чыгыш Чоң Чүй каналы - Молдокулов көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Куйручук көчөсү - Чыгыш Чоң Чүй каналы - Курманжан датка көчөсү - Анкара көчөсү - Аламүдүн суусу - Шабдан баатыр көчөсү.
“ХБО” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат",-деп айтылат билдирүүдө.