Бишкек, 17.11.26./Кабар/. Новопавловкада 19-ноябрда суу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 19-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ворошилов – Абакан – Крупская – Степная – Северная – Усупбаев – Көк-Кыя көчөлөрү менен чектелген аймакта суу болбойт.
Суу берүү №118 мектеп-гимназиясынын жаңы имаратындагы диаметри 100 мм болгон түтүктө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.