Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу жана оңдоо иштери толугу менен аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңыланган жол тилкесинин узундугу 1 100 метрди түзөт.
Долбоордун алкагында жолдун бир тарабына ирригациялык тармак курулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды.