Так эсеп — туура төлөм: суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн өз убагында жөнөтүңүз

Коом
Так эсеп — туура төлөм: суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн өз убагында жөнөтүңүз
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундарын суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн ар бир айдын 25ине чейин берүүсүн суранат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эгерде көрсөткүчтөр өз убагында берилбесе, суунун керектелген көлөмү программа тарабынан орточо суткалык керектөөнүн негизинде эсептелиши мүмкүн.

"Сууну иш жүзүндө керектөө көлөмүнө жараша төлөм жүргүзүү үчүн эсептегичтин көрсөткүчтөрүн өз убагында жөнөтүңүздөр", - деп кайрылышты мэриядан.