Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. 18-мартта борбор калаанын айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-мартта саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
- Ч.Айтматов проспектиси № 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
- Токтонолиев көчөсү, 139/3, 157, 153, 153/3, 155;
- Т.Океев көчөсү 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8.

Мындан тышкары, ТЧЧК – Куйручук – ТЧЧК– Молдокулов көчөлөрү менен чектелген тилкеде суу болбойт.
Белгилей кетсек, "Аэропорт" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.