Көкпарда биринчи орун үчүн күчтүү командалар күрөшөт – Баяман Ниязов

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 10:25
Көкпарда биринчи орун үчүн күчтүү командалар күрөшөт – Баяман Ниязов

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча күчтүү командалар чогулду жана Кыргызстандын курамасы биринчи орун үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын көкпар курамасынын улакчысы Баяман Ниязов билдирди.

Анын айтымында, оюндарга жакшы даярдыктан өткөн спортчулар жана күлүк аттар катышууда.

“Жигиттердин баары жакшы даярданып келишиптир. Командалар күчтүү, аттары да жакшы экен.
Азыр ким биринчи же экинчи болорун айтуу мүмкүн эмес. Анткени баарын оюндун өзү көрсөтөт”, — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле ал кыргызстандык мыкты улакчылардын көк бөрү жана көкпар боюнча командаларга бөлүнгөнүнө токтолду. Анын айтымында, Манас Ниязов көкпар боюнча, ал эми Кыяс Ниязов көк бөрү боюнча курама команда оюн көрсөтөт.

“Азыр кыргыздын жигиттери көк бөрү жана көкпар боюнча экиге бөлүндү. Менин инилерим Манас көкпарга, ал эми Кыяс көк бөрүгө кетти. Эки командада тең күчтүү жигиттер чогулду. Менимче, алар болжол менен тең бөлүнүштү, чоң айырма жок деп ойлойм”— деди Ниязов.