Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Көкпар оюнунда баш байгени уткан Кыргызстандын курама командасына 3 млн сом ыйгарылды.
Оюнчуларга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын диплому, медалы жана акчалай сыйлыктын сертификаты берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы көкпар оюнунда 7:2 эсебинде казак спортчуларын жеңип алды.