Көкпар боюнча Россия курамасы үчүнчү орунду ээледи

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 16:15
Көкпар боюнча Россия курамасы үчүнчү орунду ээледи

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча коло медаль үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул мелдеште Россия жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашты.

Анда жыйынтык 5:4 эсебинде россиялык спортчулардын жеңиши менен аяктады.