Көк-Жарда жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору жана тез жардам бөлүмү ачылды

Ден соолук 10 Июнь 2025 16:35
505522433_734917272268977_5437527480626100779_n.jpg
505369480_734917352268969_3908941341017790038_n.jpg
505239846_734917125602325_2435585126530932916_n.jpg
505400331_734917012269003_7201745775286525838_n.jpg
505491345_734916382269066_4256957683538491253_n.jpg
505494184_734916388935732_2340166460012337414_n.jpg
505514717_734916472269057_1221204689935467270_n.jpg
505646044_734916475602390_8663224208020599105_n.jpg
505651873_734917485602289_4557075601109241030_n.jpg
505832026_734916448935726_2440257609884798205_n.jpg
505711325_734916988935672_6022398944579500338_n.jpg
505204182_734917415602296_4900978367872958301_n.jpg
506037713_734917315602306_8707902452595812327_n.jpg
506060253_734916985602339_329002794438168305_n.jpg
506113457_734916955602342_3285944255230872316_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Көк-Жар конушунда №13 жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, имараттын жер төлөсүндө Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун жаңы №6 тез жардам көмөк чордону жайгашты.

Ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, жашоочулар, ошондой эле борбордогу саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы саламаттыкты сактоо мекемелеринин ачылышы оорулардын алдын алууга басым жасоо менен коштолушу керектигин белгиледи.

№13 үй-бүлөлүк медицина борбору нөөмөтүнө 150 адамды кабыл алууга ылайыкталган заманбап көп профилдүү амбулатордук мекеме болуп саналат. Аталган мекеме Көк-Жар, Алтын-Ордо, Рухий-Мурас, Кара-Жыгач конуштарында, ошондой эле Тунгуч, Көк-Жар, Улан кичи райондорунда жана башка чектеш аймактарда жашаган 80 миңден ашык калкты тейлейт.

Бул жерде жалпы практикалык дарыгерлер, педиатрлар, акушер-гинекологдор, ошондой эле адистер: кардиолог, невропатолог, окулист, хирург, уролог, отоларинголог, эндокринолог, онколог, психиатр, психолог жана башка 120 дарыгер эмгектенет.

Ал эми имараттын жер төлөсүндөгү №6 тез жардам көмөк чордону күнү-түнү иштеген беш жалпы тез жардам бригадасын жайгаштырууга арналган жана борбордун түштүк-чыгыш бөлүгүнүн жашоочуларына тез жардам көрсөтүүнүн эффективдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга багытталган.

Жакын арада УЗИ, рентген аппараттары, лабораториялык жабдуулар кошумча сатып алынып, кызматтардын толук спектрин камсыз кылуу үчүн борборго өткөрүлүп берилет.

№13 үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №6 тез жардам көмөк чордонунун ачылышы шаардын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө жана борбор калаанын он миңдеген тургундарына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга кошкон маанилүү салым болуп саналат.