Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Көк-Жар конушунда убактылуу суу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-августта саат 10:00дөн 21:00гө чейин Куйручук көчөсү – Курманжан датка көчөсү (мурдагы 7-Апрель көчөсү) – Молдокулов көчөсү (батыш тарабы) – Курманжан датка көчөсүнө (мурдагы 7-апрель көчөсү) чейинки аймакта суу болбойт.
Суу түтүгүн алмаштырууга байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.