Көк-Жар айылындагы жаңы мектептин курулушу 75%га аяктады

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 15:15
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталып, бүгүнкү күндө жумуштар 75 пайызга аткарылды.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 600 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу мектеп имараты курулду. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы жайгаштырылат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында мындан тышкары дагы 19 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлор борбор калаадагы мектеп жетишсиздигин жоюуга жана балдардын заманбап шартта билим алуусуна багытталган.