Көк-Жайыкта жаратылышты булгагандарга 62 миң сом айып салынды

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 14:00
744441058_1338531335121093_3362452459030290957_n.jpg
746073987_1591863048970364_9130124184857492286_n.jpg
746269715_2550400005376896_6626293140365506519_n.jpg
747778338_1829716584487145_3200651022920312334_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Жер-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосунда экологиялык эрежелерди бузгандар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жайлоодо рейд өткөрүшкөн. Натыйжада таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды түз агызуу фактылары катталган.

Мыйзам бузуулар боюнча жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, жоопкерчиликсиз жарандарга жана эс алуучуларга карата жалпы суммасы 62 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.