Көк-Жаңгакта 7,2 чакырым жол капиталдык оңдоодон өттү

Аймак Загрузка... 28 Июль 2025 09:34
copyright icon Кабар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Жалал-Абад – Казарман унаа жолунан Көк-Жаңгак шаарына кире турган 7,2 чакырым жол толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолду пайдаланууга берүү иш-чарасына министр Абсаттар Сыргабаев катышты.

Буга чейин абалы начар болуп, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан бул жол тилкеси заманбап стандарттарга ылайык жаңыланды.

Мындан тышкары, шаар ичиндеги 2,1 чакырымды түзгөн Шахтёр көчөсү да толук оңдолду.