Бишкек, 21.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 20-июнда тоолорго жааган жамгырдан улам кокту-колоттордон сел түшүп, Баткен облусунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде бир катар турак жайларга суу кирген.
Маалыматка ылайык, анда 4 үйгө, 10 үйдүн короосуна, 7 үйдүн жана бир дүкөндүн жертөлөсүнө суу кирген.
Жерине жалпы 70 куткаруучу, 7 техника тартылды.
"Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ак-Сай айыл аймагынын башчысынын буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда аймакта сел кесепеттерин жоюу иштери дээрлик аяктоодо. Жол каттамдары ачык", - деп айтылат маалыматта.