Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү оюнунун финалы өтүүдө.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешип жатат.
Ушул мүнөттөрдө эсеп саны 8:0 болуп, кыргыз спортчулары алдыда.
Улакты тайказанга Мелисбек уулу Нуржан салып эсепти ачкан, Кыяз Ниязов эсепти жаңыласа, үчүнчү упайды Мелисбек уулу Нуржан алып келди, ал эми төртүнчү улакты Оморбеков Байтегин салды. Бешинчи упайды Анарбек уулу Айдаркан алып келди, алтынчы улакты Мирбек Муташев, жетинчи улакты тайказанга Нуржан Мелисбек салса, сегизинчи упайды Кыяз Ниязов алып келди.
Муну менен оюндун экинчи таймы жыйынтыкталып, улакчылар тыныгууга кетишти.
Видео Чолпон Жумалиеваныкы