Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште чеберчилиги менен таанылган америкалык улакчы, АКШнын көк бөрү боюнча командасынын капитаны Лэдд Хауэлл президент Садыр Жапаровду Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатында тосуп алууга Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен биргеликте келди.
Ал президент Садыр Жапаровду көргөнүнө кубанып, мамлекет башчысы менен саламдашты.
Лэдд Хауэлл Кыргызстанда өткөн көк бөрү боюнча мелдештерде тайказанга улак менен кошо секирип, ат мүдүрүлгөн учурда да аттын башынан аша түшүп, өзгөчө оюн көрсөтүүсү менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Ошондой эле ал мыкты чабуулчу аталган. Кыргызстан менен АКШ беттешинде 6 упай топтогон.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-сентябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды.
Садыр Жапаровдун Юта штатына болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтөрү күтүлүүдө.
Видео: Айжигит Матраимов