Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда алтыгана (карагана) баскан жайыттардын экологиялык функцияларын жакшыртуу жана алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган илимий-тажрыйбалык долбоор ишке ашырылууда.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, соңку жылдары Суусамыр өрөөнүндө алтыгана деп аталган тикенектүү бадалдын өтө жыш өсүшү жайыттардын аянтын кыскартып, мал жаюуга ылайыктуу жерлердин тартыштыгын жараткан. Мурда жайыттардын жана малчылардын негизги көйгөйлөрүнүн бири катары саналган бул бадалды эми пайдалуу ресурс катары колдонуу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө.
Белгиленгендей, бул багыттагы изилдөөлөрдү Борбор Азиянын Айлана-чөйрө экологиясы боюнча илимий-изилдөө борбору Кытай илимдер академиясынын окумуштуулары менен биргеликте жүргүзүүдө. Долбоордун алкагында алтыгананы кайра иштетүү аркылуу мал үчүн азыктуу биожем өндүрүүнүн технологиясы сыноодон өткөрүлүп жатат.
"Учурда Суусамыр жайлоосунда алтыгана калың өскөн аянттын бир бөлүгүндө практикалык эксперимент жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө бадалдар түбүнөн кыйылып, атайын техника менен майдаланып, кайра иштетилип, биожем даярдалууда. Адистер технологиянын жергиликтүү шарттардагы натыйжалуулугун, өндүрүлгөн биожемдин сапатын жана аны мал чарбачылыгында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалашууда.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, долбоор ийгиликтүү ишке ашса, 230 миң тоннага чейин жогорку сапаттагы алтыгана негизиндеги тоют чийки затын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул табигый түрдө өскөн бадалдарды пайдалуу тоют ресурсуна айландыруу аркылуу Суусамыр өрөөнүндөгү кышкы тоют тартыштыгын олуттуу азайтууга, жайыттардын экологиялык абалын жакшыртууга жана мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт",-деп айтылат маалыматта.