Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызстан мунай заттарын импорттоого көз каранды болгондуктан, дүйнөлүк жана сатып алуу бааларынын өзгөрүшү күйүүчү майдын, ташуулардын, азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына түз таасир этет.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу тышкы баалардын таасирин азайтуу максатында мамлекет импорттолгон күйүүчү майдын иш жүзүндөгү наркы менен белгиленген чекене баасынын ортосундагы айырманы компенсациялоо механизмин колдонууда.
"Ошентип, 24-25-августка карата мунай сатуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом багытталып, субсидиялоо механизми 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда күйүүчү майдын чекене баасынын жогорку чеги:
- АИ-92 бензини — 87,90 сом/литр;
- дизель майы — 99,90 сом/литр;
- газ — 48,80 сом/литр.
Министрликтен белгилешкендей, мамлекеттик компенсация болбогондо импорттолгон күйүүчү майдын иш жүзүндөгү наркына жараша АИ-92 бензининин баасы болжол менен 111-118 сомго, дизель майы 125-137 сомго, газ 51-54 сомго чейин жетмек.