Күйүүчү майдын баасы турукташканга чейин субсидия берилет

Экономика 27 август 2026 16:30
542948_3nQ3cYm_TsX0_qlvE1HT.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Күйүүчү майлардын баасынын өсүшүнө байланыштуу министрлер кабинети субсидия берүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Туусуна” билдирген.

Анын айтымында, субсидия баалар турукташкыча берилет.

“Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. Бул дүйнөлүк тенденция. Менин оюмча, баалар бара-бара турукташат. Баалар турукташканга чейин өкмөт субсидия берүүнү чечкен”, - деп белгиледи Амангелдиев.

Кошумчалай кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлардын баасын кыйла жеткиликтүү деңгээлде сактоо максатында 21-августка карата мамлекеттик бюджеттен болжол менен 1 млрд сом бөлүнгөнүн кабарлаган.