Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан иштердин аткарылышына байланыштуу кезектеги жыйын өткөрдү.
Отурумда маалымдалгандай, мамлекет күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда.
Маселен, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген субъекттерге субсидияларды каржылоо үчүн республикалык бюджетте 11,389 млрд сомдон ашуун акча каражаты каралган. Бул сумманын 2,623 млрд сомдон ашуун каражаты бүгүнкү күнгө чейин берилди.
Белгилей кетсек, субсидияларды берүү – 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.