Күйүүчү май боюнча көйгөй жок, Россия менен жаңы келишим түзүлдү

Экономика Загрузка... 27 Ноябрь 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-11-27 at 09.19.06.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Россиядан күйүүчү май алуу жаатында Кыргызстанда эч кандай көйгөй жаралган эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2026-жылга карата жаңы келишимге кол коюлду.

"Келишим биздин экономикабыздын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлдү.

Биз жөнөткөн сурамдар дайыма кабыл алынып, өз убагында аткарылып келет. Мурун Россия бизге жылына 1 млн тонна күйүүчү май жеткирсе, жаңы келишимге ылайык, бул көлөм 1 млн 200 миң тоннага чейин көбөйтүлдү. Россия тарап биздин сурамдарды 100 пайыз аткарып жатат",-деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Амангелдиев буга чейин тигүү тармагындагы көйгөйлөр жакында чечилерин айткан.