Киреше, турак жай, медицина: Жарандардын жашоо деңгээли кандайча жогорулоодо

Экономика Загрузка... 23 Апрель 2026 11:10
36eacade-6a27-48ac-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Кыргызстанда калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган системалуу саясат барган сайын күч алып жатат. Мамлекет жарандардын кирешесин көбөйтүүгө, саламаттык сактоо тармагын заманбап деңгээлде өнүктүрүүгө, жеткиликтүү турак жай программаларын кеңейтүүгө жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул багыттар социалдык чөйрөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга негиз түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдын ала эсеп боюнча, 428,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1%га өскөн.

Белгилей кетсек, акыркы төрт жыл ичинде ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 10,2%ды түзгөн, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 11,1%га жеткен. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан реалдуу ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен болгон жолугушууда билдирген.

Айлык акыны жогорулатуу

Социалдык саясаттын негизги багыттарынын бири катары калктын кирешесин ырааттуу түрдө жогорулатуу улантылууда.

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-апрелинен тарта педагогдордун жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 100%га жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирген.

Ошондой эле маданият, спорт тармагындагы кызматкерлердин, техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көтөрүү да каралган.

Пенсияларды жогорулатуу

2026-жылы Кыргызстанда пенсиялар да жогорулайт. Социалдык фонддун Коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов “Кабар” агенттигине билдиргендей, пенсиялар канча сомго жана кандай шартта көбөйөрү күз айларында белгилүү болот.

“Бюджетте пенсияларды жогорулатууга каражаттар каралган, биз өткөн жылдагыдан төмөн болбогон көрсөткүчтөргө таянабыз. Бирок акыркы чечим камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чыныгы көлөмүнө жараша болот. Азырынча так индексация пайызын айтуу эрте. Учурда Салык кызматынан биринчи жарым жылдыктын жыйымдары боюнча маалыматтарды күтүп жатабыз. Ошонун негизинде Социалдык фонддун каржылык мүмкүнчүлүктөрү эсептелип, пенсияларды көтөрүүнүн так параметрлери аныкталат. Толук маалымат күз айларында берилет”, - деди Мукамбетов.

Социалдык контракт

Мамлекет социалдык контракт аркылуу жарандарга туруктуу киреше табууга жана жашоо деңгээлин жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө. 2022-2025-жылдар аралыгында 48 миң 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, катышуучулардын басымдуу бөлүгүн айыл жергесиндеги аялдар түзөт - 94,2%. Көпчүлүк учурда социалдык жардам айыл чарба, өндүрүш, кызмат көрсөтүү жана мал чарбачылыгы багыттары боюнча берилет.

Мындан тышкары, программаны алгачкылардан болуп баштаган үй-бүлөлөр туруктуу кирешеге чыга башташты. Алар ай сайын кеминде 30-35 миң сомдон жогору киреше табышууда.

“Быйыл жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан 14 үй-бүлө аныкталды. Алар өздөрүн гана жумуш менен камсыз кылбастан, кошумча 51 миңден ашуун жумуш ордун түзүштү. Учурда бул программанын алкагында 203 миңден ашуун жарандын жашоо шарты жакшырды”,-деп кошумчалады Токтосунов.

Саламаттык сактоо

Кыргызстанда саламаттык сактоо системасында масштабдуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Алар медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, инфраструктураны жаңылоого жана дарылоонун сапатын жогорулатууга багытталган.

Садыр Жапаров IV Элдик курултайда белгилегендей, жакынкы жылдары өлкөдө саламаттык сактоо инфраструктурасын кеңири жаңылоо күтүлүүдө. Анын алкагында жаңы бейтапканалар, фельдшердик-акушердик пункттар жана ооруканалар курулуп, медициналык мекемелер заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Мындан тышкары, дарыгерлер менен медайымдардын ишин санариптештирүү программалары кеңейтилип, толук кандуу электрондук саламаттык сактоо системасы түзүлөт.

Бишкек шаарында 5 миңден ашуун орунга ылайыкталган заманбап медициналык шаарча курулат. Бул өлкө тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болуп саналат. Өлкө боюнча кеминде 25 жаңы оорукана жана бейтапкана салуу пландалууда. Ош, Талас жана Манас аймактарында заманбап перинаталдык борборлор ачылат. Ошондой эле 1 миңден ашуун айылдык амбулаториялар жана 27 баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлору жаңы жабдуулар менен камсыз болот.

Өзгөчө көңүл оорулардын алдын алууга, эрте аныктоого, эмдөөгө жана эне-баланын ден соолугун коргоого бурулууда.

“Биз ар бир жаранды ымыркайдан тартып улгайган адамдарга чейин коргой ала турган жана калктын жогорку жашоо сапатын камсыз кылган системаны түзүп жатабыз”,-деп баса белгилеген президент.

Мындан тышкары, Каракол шаарында 150 млн долларлык эл аралык медициналык кластер куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин аймакка болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду. Аталган шаар келечекте КМШ өлкөлөрү үчүн медицина жана медициналык туризмдин эл аралык борборуна айланышы күтүлүүдө.

Мамлекеттик ипотекалык компания

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык программа кеңейүүсүн улантып, жарандардын турак жайга жетүүсү барган сайын жакшырууда.

Бишкек шаарында 2026-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания болжол менен 6,3 миң батирди ипотека аркылуу берүүнү пландап жатат. Ал эми 2025-жылы бул программа аркылуу 4 миң 600дөн ашуун үй-бүлө турак жайлуу болгон. Жалпысынан компания иштеп баштагандан бери 13 миңге жакын үй-бүлө турак жай менен камсыздалды. 2026-жылы өлкө боюнча 10 миңден 20 миңге чейин үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлууда.

“Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2 млрд АКШ долларына жетти”,- деп өлкө башчысы Жогорку Кеңештеги сөзүндө билдирген.

Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптештирүү уланууда. Бул жарандардын кызматтарга жетүүсүн жеңилдетип, мамлекеттик органдарга жеке кайрылуу зарылдыгын кыйла кыскартууда. Учурда республика боюнча болжол менен 195 мамлекеттик кызмат санарип форматка өткөрүлүп, алардын 70%га жакыны толук автоматташтырылган.

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов "Биринчи радионун" түз эфиринде белгилегендей, кызматтар да, калктын муктаждыктары да тынымсыз өсүп жаткандыктан, бул багыттагы иштер азырынча токтобойт жана аяктабайт.

Анын айтымында, учурда проактивдүү мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

“Проактивдүү кызматтар - бул жаран өзү мамлекеттик органга кайрылбастан, тескерисинче, мамлекеттик органдар жарандарга алдын ала кам көрүп, кызматты өздөрү сунуштаган система”,-деп түшүндүрдү министр.

Эксперттин пикири

Экономист-эксперт Эркин Абдразаков “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар эң оболу, мамлекеттин калк алдындагы социалдык милдеттенмелерин аткаруунун кепилдиги болуп саналат.

Анын айтымында, глобалдык экономикалык жана саясий каатчылыктардын шартында, ошондой эле инфляцияга каршы күрөш учурунда мамлекет өлкө кызыкчылыгы үчүн ички ресурстарын максималдуу түрдө пайдаланууда.

“Ар кандай экономикалык реформалар ишке ашырылып жатат. Биринчиден, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында көмүскө экономиканын олуттуу бөлүгү ачыкка чыгып, бюджет толукталды. Экинчиден, экономикага таасир эткен негизги өндүрүш тармактарынын жанданышы өлкөнүн өнүгүп жатканынан кабар берет. Эң негизги жана туура кадамдардын бири - "Кумтөр" ишканасынын мамлекеттин менчигине өтүшү болду. Бул экономикалык кепилдиктерди бекемдеп, өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатты. Өлкө ичинде инвестиция үчүн жагымдуу шарт түзүлдү. Бүгүнкү күндө ата мекендик ишкерлер ири мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр жаңы ишканаларды ачып, айыл чарба тармагында да олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Өлкө бюджети 1 триллион сомдон ашып, анын негизинде маданият, билим берүү, саламаттык сактоо кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн айлык акыны жогорулатуу программалары ишке ашырылууда. Калктын жашоо деңгээли акырындык менен жакшыра баштады”,- деп белгиледи эксперт.

Эркин Абдразаков санариптештирүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Ал белгилегендей, салык жана өндүрүш тармактарына санариптик технологияларды киргизүү мурдагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүнчүлүк берди.

“Ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр кыйла кеңейди. Мамлекеттик колдоо эми онлайн форматта жеткиликтүү болуп, мурдагыдай көптөгөн документтерди чогултуунун зарылдыгы болбой калды. Биз ачык-айкын иштөөгө өттүк. Дал ушул себептен прогресс байкалууда. Бул иштердин бардыгы элдин жыргалчылыгы үчүн жасалып жатат жана жарандар буга ишеним артып жатышат”,-деп жыйынтыктады ал.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан социалдык чөйрөнү сапаттуу жаңылоо баскычына өтүүдө. Айлык маяналардын эки эсеге өсүшү, ири медициналык шаарчалардын курулушу жана жеткиликтүү ипотеканын кеңейиши — бул жөн гана пландар эмес, ишке ашып жаткан реалдуу өзгөрүүлөр. Глобалдык чакырыктарга карабастан, республика туруктуулукту сактап, экономикалык жетишкендиктерди жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багыттай алганын көрсөтүүдө. Бул реформалардын башкы көрсөткүчү — кыргызстандыктардын эртеңки күнгө болгон ишениминин бекемделиши жана өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү болуп саналат.