Кинотеатр, көргөзмө залы жана фуд-корт: Бишкекте жаңы маданий борбор кандай болот?

Коом Жүктөлүүдө... 03 Июль 2026 10:30
735018305_902195656236536_3975170120598604696_n.jpg
733040435_769967509508552_6487823459328387287_n.jpg
735576842_1022571630698749_2496861932462121158_n.jpg
735608795_1359484406148607_8006795456588958672_n.jpg
736561616_1969641350380341_1642446921792782227_n.jpg
738797070_1740168190442355_5798923305798747322_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Бишкекте заманбап маданий борбордун курулушу жигердүү уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоорго ылайык, жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзгөн заманбап үч кабаттуу имарат, анын айланасында 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

"Анда 420 орундуу кинотеатр жана 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык ийримдер үчүн атайын класстар, заманбап фуд-корт жана маданий-коомдук иш-чараларды өткөрүүчү көп функционалдуу аянтчалар болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө объектинин жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасы толугу менен аяктап, биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоого даярдык көрүү жана топуракты кайра толтуруу иштери кызуу жүрүп жатат.