Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет": медиадолбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине маек берип, өзүнүн айлыгы жана министрликтеги айрым кызматкерлердин жогорку кирешеси тууралуу айтып берди.
Министрдин айтымында, анын мамлекеттик кызматкер катары айлыгы айына 100 миң сомдун тегерегин түзөт жана республикалык бюджеттен төлөнөт.
"Биз мамлекеттик кызматкер катары бюджеттен айлык алабыз. Ал эми айрым бөлүмдөрдүн кызматкерлери чарбалык эсептин негизинде эмгек акы алышат", — деди ал.
Орунтаев белгилегендей, министрликтин айрым түзүмдөрүндө, анын ичинде Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинде кээ бир адистердин айлыгы 300 миңден 500 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Себеби алардын эмгек акысы аткарылган иштин көлөмүнө жараша эсептелет жана бюджеттен төлөнбөйт.
"Ким канча иштесе, ошого жараша алат. Бул алардын өздөрү тапкан каражат", — деп кошумчалады министр.
Анын айтымында, министрликте 100гө жакын кызматкер бюджеттен айлык алса, дагы 2–2,5 миңдей адам чарбалык эсептин негизинде иштейт. Алардын катарына архитектура органдарынын, курулуш тармагындагы сертификаттоо мекемелеринин жана Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинин кызматкерлери кирет.
Министр айрым адистердин жогорку кирешеси алардын аткарган ишинин көлөмү жана татаалдыгы менен байланыштуу экенин белгиледи.
"300–500 миң сом алган кызматкерлер бар. Бирок алар чоң көлөмдөгү ишти аткарышат. Дайыма кеңседе отурушпайт, жер тилкелерин изилдеп, геодезиялык өлчөөлөрдү жүргүзүп, ар кандай текшерүү иштерине чыгышат. Алардын иши кыйла оор", — деп жыйынтыктады Нурдан Орунтаев.