Кийинки жылдан баштап студенттерди ротация кыла баштайбыз – президент

Президент Загрузка... 11 Март 2026 11:25
IMG-20251102-WA0036.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кийинки жылдан баштап студенттерди дагы ротация кыла баштайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып айтты.

“Мисалы, жалпы 10 миң бюджеттик орун берет экенбиз, ошонун 5 миңин түндүккө, 5 миңин түштүккө беребиз дагы, студенттерди толук ротация кылабыз. Ошентип, түндүктүк студенттер түштүккө, түштүктүн студенттери түндүккө келип окушат”, - деди президент.

Жапаров бул тапшырма былтыр мартта берилгенин, бирок 2026-жылдагы окуу жылында бул системаны киргизүүгө акча тартыш болуп, ишке ашпай калганын айтты.

“Анткени, быйыл ШКУнун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү, бир катар президенттердин иш сапарлары пландалгандыктан бул долбоор бир жылга артка жылдырылды”, - деди өлкө башчысы.