КФБ FIFA FORWARD AWARDS сыйлыгына ээ болду

Спорт Загрузка... 21 Июнь 2025 19:14
copyright icon КФБ

Бишкек, 21.06.2025. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда, АКШнын Майами шаарында улуттук футбол ассоциациялардын жетекчилери үчүн ФИФА Саммити өз ишин баштады. Бул иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев жана башкы катчы Медербек Сыдыков катышууда.

f51f7057-7ed9-47fd-b7e6-f4d574a89948

Саммиттин алкагында КФБ 2024-жылдын октябрь айында аяктаган Улуттук футбол академиясын куруу долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн FIFA Forward Awards сыйлыгына ээ болду. Сыйлыкты ФИФАнын президенти Жанни Инфантино өзү тапшырды.

FIFA Forward Awards — бул ФИФА тарабынан ишке киргизилген жаңы демилге болуп, Азиядагы улуттук ассоциациялар тарабынан FIFA Forward программасынын колдоосу менен ишке ашырылган мыкты инфратүзүм долбоорлорду таанытууга жана сыйлоого багытталган. Сыйлыктар үч категорияда ыйгарылат: алтын, күмүш жана коло. КФБ эң жогорку даражадагы — «алтын» сыйлыгына ээ болду.

96a88ee0-9ea2-40ed-a8f8-492ab0e32515

Бул демилгенин максаты — футболдук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбаларды жана шыктандыруучу мисалдарды баса белгилөө, ошондой эле эл аралык футболдук коомчулук ичинде тажрыйба жана билим алмашууга өбөлгө түзүү. Бул сыйлык — Кыргыз футбол биримдигинин өлкөдөгү футбод инфратүзүмүн жакшыртуу жаатындагы тынымсыз жана максаттуу ишинин жыйынтыгы.