Ипотекалык батирди кезексиз алып берем. Караколдо алдамчылыкка шектүү кармалды

Укук тартиби Загрузка... 12 Ноябрь 2025 17:07
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Каракол шаарынан ипотекага кезексиз батир алып берем деп 10 адамды алдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-августта Каракол шаарынын тургуну шаардык милицияга арыз менен кайрылып, анда ал Жеңиш аттуу жигит аталган шаардан ипотекага кезексиз батир алып берем деп 6 миң сом котортуп, ошол бойдон байланышты үзгөндүгүн билдирген.

Каракол шаардык милициясы шектүүнү колго түшүрүп, Алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал мурда алдамчылык фактылары боюнча сот жообуна тартылган О.М. аттуу Түп районунун Түп айылынын 1997-жылы туулган жараны экенин аныкталды.

Ал ошол эле схема боюнча Каракол шаарында 9 жаранды алдоого шектелүүдө.

Учурда материалдар соттук кароого жөнөтүлгөн.

Каракол шаардык милициясы жарандардан финансылык операцияларда этият болууну, өзгөчө интернет жана уюлдук байланыш аркылуу жасалган сунуштарга ишенбөөнү эскертет.