Кездеме чыгарганга ылайыктуу меринос коюнун жүнүн кайра иштеткенге басым жасалууда – Чыналиев

Экономика Загрузка... 22 Июль 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Күн мурун “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Анын ичинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум да бар. Документ эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызматташуусуна кандай мүмкүнчүлүктөрдү ача турганы боюнча “Кабар” агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев айтып берди.

WhatsApp Image 2025-07-22 at 16.22.58.jpeg

Мухтар Чыналиевдин айтымында, бүгүнкү күндө жүн жана терини кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу зарыл. Мындан улам чийки затты кайра иштеткен өлкөдөгү кубаттуулугу жогору ишканаларды стабилдүү иштетүү үчүн сапаттуу, жогорку сорттогу жүндөр жетишсиз болууда. Ошондуктан Монголиядан алына турган жүндөрдү да кошуу зарылчылыгы жаралды.

WhatsApp Image 2025-07-22 at 16.22.29.jpeg

“Кайра иштетүү боюнча иштерди изилдегендин жыйынтыгында, күн мурун Кыргызстан менен Монголиянын эки министрлигинин ортосунда меморандум түзүлдү. Бул документ келечекте алар менен биргелешип кызматташууну, ишканаларды түзүп, эки мамлекеттин тең жүндү кайра иштетүү секторун көтөрүү максатын көздөйт. Бул меморандумга чейин Монголиянын делегациясы Кыргызстанга келип кетти. Ага чейин биздин кызыкдар тараптарыбыз Монголияга барып, алдыңкы кайра иштетүүчү ишканаларын жеринен көрүп келген. Эми биздин ишканалар менен келишимдерге кол коюунун жолдорун карап жатабыз. Уяң жүндүү меринос кой породасынын жүнү эң жогорку сапаттагы жүн деп эсептелинет. Бирок эгемендик алган жылдардан тарта бул койлор азайып кеткен. Азыр көбүнчө эт, май багытындагы кылчыктуу койлордун саны өсүп кетти. Бардык эле малдын жүнүн иштеткенге аракет жасайбыз, бирок кездеме чыгарганга меринос коюунун жүнүн кайра иштеткенге басым жасап жатабыз. Кыргызстанга жок дегенде эле жүндү кайра иштетүү үчүн 1,5 – 2 миң тонна жүн керектелет”, - деди ал.

WhatsApp Image 2025-07-22 at 16.22.29 (2).jpeg

Департаменттин директорунун пикиринде, Токмок шаарында жүндү кайра иштетүүчү кубаттуулуктар жайгашкан. Эми “Токмок — ПОШ” ишканасын модернизациялоо керек. Андан кийин токтоп калган жип ийрүүчү “Касиет” ишканасын ишке берүү пландалууда.

WhatsApp Image 2025-07-22 at 16.22.29 (1).jpeg

“Биз жипти ийрүү, боео стадиясына чейинки иштерди аткарсак, андан ары башка баскычтагы иштерди дагы карап көрөбүз. Монголиялык адистер “Касиет” ишканасынын жабдыктарын көрүп чыкканда жүндү кантип иштетүү боюнча сунуш-пикирлерин айтышты. Жогорку сапаттагы жүндөн чыккан продукциялар экспорттолушу мүмкүн. Бирок бизде жеңил өнөр жай тармагы жакшы өнүккөндүктөн, жиптерди экспорттобой деле өзүбүздө колдонсок болот. Бул келечекте рынокторду эффективдүү таап, өздөштүргөндөн көз каранды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргызстандын жүнүн өлкөдөн чыгарбай эле кайра иштетүү максатын көздөп жатабыз. Атайын баалар коюлуп, жергиликтүү фермерлердин продукциясын сатып алууга шарт түзүлөт”, - дейт Мухтар Чыналиев.