Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №18, №99 жана №3 кесиптик лицейлердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Бүгүн министрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Акулова окуу жайлардын инфраструктурасы, материалдык-техникалык базасы жана окуучулардын практикалык даярдыгы үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Ошондой эле окуу-өндүрүштүк устаканалардын, лабораториялардын жана кабинеттердин абалы каралды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында лицей жетекчилерине жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүү, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жана билим берүү программаларын өркүндөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү белгиленди.