Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Агартуу министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкы башталгыч кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо боюнча кызматташтыкты улантууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 7–16-сентябрь күндөрү биргелешкен “Көндүмдөрдү өнүктүрүү системасын трансформациялоо программасы” долбоорунун алкагында талкуулар жана маалыматтарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жолугушуулар агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева жана Азия өнүктүрүү банкынын миссиясынын жетекчиси Смита Гьявалинин жетекчилиги астында өтүүдө.
Долбоордун негизги максаты — башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, окуу программаларын эмгек рыногунун талаптарына жана аймактардын экономикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу.
“Бүгүнкү жыйында министрликтин өкүлдөрү менен Азия өнүктүрүү банкынын эксперттери аткарылган иштерди талкуулап, программаны мындан ары ишке ашыруунун негизги механизмдерин карашты”,-деп айтылат маалыматта.