Кесипти туура тандоо: окуучуларга кесиптик багыт берүүнүн артыкчылыгы эмнеде?

Билим 10 сентябрь 2026 17:00
Кесипти туура тандоо: окуучуларга кесиптик багыт берүүнүн артыкчылыгы эмнеде?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда быйылкы жаңы окуу жылында киргизиле турган жаңычылдыктардын бири 8-класстан тарта окуучуларга келечектеги кесибин туура тандоого багыт берүү болуп саналат. Мында балдардын кызыгуусу, жөндөмүнө жараша келечектеги кесиптик багыты аныкталып, билим менен практикасы айкалыштырылат. “Кабар” агенттиги мектептерде кесипти тандоого батытталган окутуунун артыкчылыгы туурасында кеңири айтып берет.

Кыргызстанда жаңы окуу жылынан баштап 8-класстарда профилге чейинки даярдоо киргизилет. Бул жумалык жүктөмү бар профилге чейинки даярдоо программасы болуп саналат. Окуучунун кесип тандоосу анын келечектеги жашоосуна, билим алуусуна жана эмгек жолуна түз таасир эткен чечимдердин бири. Ошондуктан кесипке багыт берүү иштерин мектепте эрте баштоо маанилүү. Мектепте балдардын кызыгуусун жана жөндөмүн эрте түшүнүү аркылуу алардын эмнеге кызыгарын, кайсы сабактарга шыктуу экени аныкталат. Бул балдардын келечекте туура эмес кесип тандоосунун алдын алат. Анткени кесипти модага, досторунун тандоосуна же ата-эненин каалоосуна гана таянып тандоо кийин өкүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин эстен чыгарбоо зарыл. Эми мектепте окуучу кайсы адистиктер бар экенин, аларда кандай билим жана көндүмдөр талап кылынарын эрте биле баштайт.

Ошондой эле окуучуга эмгек рыногунун талабын эске алуу менен азыр жана келечекте кайсы адистерге суроо-талап жогору болорун билүүгө жол көрсөтүлөт.

Эң башкысы, балдардын өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөнүүсү жоопкерчилигин жана өз келечегин пландоо жөндөмүн калыптандырат.

Мектептерде профилдик окутуу этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Агартуу министрлигинен билдиришти.

  • I этап: 2026-2027-окуу жылында 8-класстарга профилге чейинки даярдоо программасы;
  • II этап: 2027-2028-окуу жылында 9-класстарга профилге чейинки даярдоо программасы; 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттары боюнча профилдик программалар;
  • III этап: 2028-2029-окуу жылында 12-класстарга академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттар боюнча профилдик программалар киргизилет.

Профилдик окутуу боюнча бекитилген 15 программада математика, кыргыз жараны: тарых, коом, укук, экономика, гуманитардык навигатор, ден соолук жана жашоо көндүмдөрү, физика, астрономия, химия, биология, нженердик технологиялар, арт-өнөркана, кыргыз күрөш, тогуз коргоол камтылган.

Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Албина Талантбек кызынын айтымында, 2026-2027-окуу жылынан тартып 8-класстарда профилге чейинки даярдоо компоненти боюнча жумасына 2 саат , ал эми жылына 68 саат бөлүнөт. Окутуу Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан 15 программанын негизинде жүргүзүлөт.

“Профилге чейинки даярдоо окуучуларды 10-12-класстарда билим алуу профилин аң-сезимдүү тандоого көмөктөшүү, кесиптик багыт берүү максатын көздөйт. Анын алкагында окуучулар ар кандай ишмердик багыттары менен таанышып, долбоордук жана изилдөө иштеринин көндүмдөрүн өнүктүрөт. Ошондой эле мындан ары билим алуу траекториясын тандоого мүмкүнчүлүк алышат. Кыргыз билим берүү академиясы профилге чейин даярдоонун социалдык-экономикалык, гуманитардык, табигый-илимий, физикалык, математикалык, инженердик, технологиялык, көркөм-эстетикалык, спорттук жана универсалдык багыттар боюнча программалардын эки түрүн иштеп чыккан. Сабактар лабораториялык иштер, долбоордук сессиялар жана интерактивдүү сабактар түрүндө уюштурулат. Ошондой эле окуучуларга программаларды тандоого мүмкүнчүлүк берилет”, - деди адис.

Окуучунун кесип тандоосу эмне үчүн маанилүү?

Кесип тандоо — адамдын жашоосундагы эң маанилүү чечимдердин бири. Анткени адам убактысынын чоң бөлүгүн эмгекке арнайт. Өзүнүн кызыгуусуна, жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ылайык кесип тандаган адам жумушун жоопкерчилик менен аткарып гана тим болбостон, андан канааттануу алып, өзүн өнүктүрүүгө да көбүрөөк умтулат.

Ошондуктан кесип тандоо маселесине окуучулук мезгилден тарта көңүл буруу зарыл дешет адистер. 8-класстан тарта балдарга өзүнүн кызыгуусун, жөндөмүн таанып-билүүгө жана ар кандай кесиптер тууралуу маалымат алууга шарт түзүлүшү керек.

Кесип тандоо өзүн таануудан башталат

Ар бир окуучунун кызыгуусу жана жөндөмү ар башка. Кээ бир бала математика, физика же информатика сабактарына кызыкса, айрымдары тил үйрөнүүгө, чыгармачылыкка, спортко же адамдар менен иштөөгө жакын болушу мүмкүн.

Кесипти ата-эненин каалоосу менен гана тандоо туура эмес. Көп учурда баланын кесип тандоосуна ата-эненин пикири чоң таасир берет. Албетте, ата-эненин кеңеши маанилүү. Бирок баланын келечектеги кесибин толугу менен ата-эне чечип коюшу туура эмес.

Мисалы, ата-эне баласын дарыгер, юрист же экономист болууга багытташы мүмкүн. Бирок окуучунун өзүнүн кызыгуусу башка тармакта болсо, ал тандаган кесибине болгон мотивациясын жоготуп алышы ыктымал.

Ошондуктан ата-эненин негизги милдети — баланын ордуна чечим кабыл алуу эмес, туура чечим кабыл алышына жардам берүү. Аны угуп, кызыгуусун байкап, ар кандай кесиптер тууралуу маалымат берип, тандоосун колдоо маанилүү.

Улуттук педагогикалык форумда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 8-класстан баштап кесипке тандоо иштеринин маанилүүүгүн белгилеген.

“Мындай кесипке багыт берүүчү программаларды ачуу келечекте өзгөчө медицина тармагына керектүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт. Сиздер көрүп тургандай, бала кайсы окууга тапшырат дегенде, ЖРТнын жыйынтыгына карата көрөбүз деп коёбуз. Көпчүлүк ЖРТнын жыйынтыгы менен тапшырып, бирок окуусун улантпай таштап кетишет”, - деген министр.

Эмгек рыногун билүү да маанилүү

Бүгүнкү күндө кесип тандоодо жеке кызыгуудан тышкары эмгек рыногундагы өзгөрүүлөрдү да эске алуу зарыл. Технологиянын өнүгүшү менен жаңы кесиптер пайда болуп, айрым адистиктердин талаптары өзгөрүүдө.

Ошондуктан окуучу бүгүн кайсы кесиптерге суроо-талап бар экенин гана эмес, келечекте кандай адистер керек болушу мүмкүн экенин да билүүгө тийиш.

Кесипти туура тандоо окуучунун кийинки билим алуу жолуна да таасир этет. Кайсы тармакка барарын түшүнгөн бала тиешелүү сабактарга көбүрөөк көңүл буруп, керектүү билимди жана көндүмдөрдү алдын ала өнүктүрө алат.

Мисалы, медицина тармагына кызыккан окуучу биология жана химия сабактарына көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүн. Инженердик багытты тандаган бала математика жана физика боюнча билимин тереңдетүүгө аракет кылат. Чыгармачылык кесипке кызыккан окуучу болсо сүрөт тартуу, дизайн же башка чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрө алат.

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков “Кабар” агенттигине 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири – 8-класстан баштап профилдик окутуу киргизилгенин белгилейт.

Анын айтымында, балдар мектептен алган билимин турмушта колдонуусу, так илимдер боюнча теориялык жактан эле билим албастан, лабораториялык эксперименттерди жасоосу маанилүү.

“Себеп дегенде, балдар мектепти бүтүп жатканда ким болорун, эмнеге кызыгарын, каякка барарын, кандай багытта иштей тургандыгын тактап, билип калышы керек. Бүгүнкү күндө 11-классты аяктап жаткан балдар кайсы окуу жайга тапшырарын билбей жатса, мектептин, ата-эненин кемчилиги деп айтаар элем. Ошондуктан азыр билим берүү реформасынын бирден-бир максаты – балдарыбыз мектептеги кезинен баштап эле өзүнүн кызыгуусу, шыгына карап, ошол багытта теориялык жана практикалык билим алуусу. Мисалы, Германияда практика менен окуу чогуу алып барылат. Үч күн окуса, 2 күн практика түрүндө алектенишет. Бул балдардын өзүн-өзү таанууга, келечекте кайсы тармактын кесип ээси болуусуна жардам берет”, - деди Асылбек Жооданбеков.

Жыйынтыктап айтканда, кесип тандоо — баланын келечегин бир күндө аныктай турган чечим эмес. Бул өзүн таануу, мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, ар кандай кесиптер менен таанышуу жана акырында өзүнө ылайыктуу жолду тандоо процесси. Бул процесске мектеп, ата-эне жана коом биргелешип көмөк көрсөтсө, окуучунун келечектеги кесиптик тандоосу да аң-сезимдүү болот.