Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Корея илим, технология жана инновациялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маселе Сеул шаарында министр Гүлзат Исаматова менен Кореянын премьер-министринин орун басары, илим жана маалымат-коммуникациялык технологиялар министри Пэ Гён Хундун жолугушуусунда талкууланды.
Тараптар жасалма интеллект, космостук технологиялар, кайра жаралуучу энергетика, биотехнология, туруктуу айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Ошондой эле жаш окумуштуулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, изилдөөчүлөрдү алмашуу, биргелешкен лабораторияларды түзүү жана технологияларды коммерциялаштыруу боюнча Кореянын тажрыйбасын үйрөнүү маселелерине көңүл бурулду.