Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Бош орундар жарманкеси» иш издегендер, студенттер жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк аянтына айланды. Иш-чара 1-Май – Эмгек күнүнө карата уюштурулуп, жумуш издеп жаткан жаштар менен иш берүүчүлөрдү түз байланышта жолугуштурууну көздөйт.

Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жекшенов Талантбек "Кабар" маалымат агенттигине билдиргендей, иш-чара туруктуу жана сезондук жумуш менен камсыз кылууну колдоо, ошондой эле миграциялык агымды азайтып, жарандарыбызды мекенге кайтарып ишке тартуу ниетинде өткөрүлүүдө.

“Эмгек жарманкелери жыл сайын эки жолу кеңири форматта өткөрүлүп келет. Бул министрликтин эң активдүү иш-чараларынын бири. Азыркы күндө өлкөбүздө экономикалык өсүш жүрүп жатат. Жаңы мекемелер ачылып, ишканалар көбөйүүдө. Бул жараян чет элде иштеп жүргөн мекендештерди мекенге кайтарууга жана жумушка жайгаштырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт,” — деди ал.

Жарманкеде 60тан ашык иш берүүчү жана 5 миңден ашуун бош жумуш орун сунушталды. Алардын арасында банктар, өндүрүш компаниялары, соода түйүндөрү, кызмат көрсөтүү уюмдары жана мамлекеттик мекемелер бар. Жарандар түздөн-түз компания өкүлдөрү менен баарлашып, маектешүүлөрдөн өтүп, резюмелерин тапшырышты.
"Coca-Cola", "Бишкексүт", "Мегаком" ЖАК, "Бай Таш Групп" ЖЧК, "Элдик банк", Мбанк, Hyatt Regency Bishkek, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы сыяктуу алдыңкы компаниялар да өз кадрларын издөө максатында иш-чарага катышты.
Жарманкеге катышып жаткан «Элдик Банктын» HR департаментинин жетектөөчү адиси Нурия Матиева төмөнкүлөргө токтолду.
“Биз кадр тандоодо талапкерлердин жеке сапаттарына көңүл бурабыз: стресске туруктуулук, чынчылдык жана коммуникация жөндөмү маанилүү. Ар бир жарманкеге активдүү катышабыз”,-деди ал.
Ал эми, «Айнекстан» ишканасынын кадрларды тандап алуу боюнча адиси Алина Бакирова: “Биз бул жарманкеге биринчи жолу катышып жатканыбыз менен, кадрлар арасында чоң кызыгууну байкадык. Биз кеңсе кызматкеринен тартып, оптимизация боюнча менеджерлерге чейин орундарды сунуштап жатабыз”,-деди.

Белгилей кетсек, эмгек жарманкеси – бул жөн гана жумуш табуучу иш-чара эмес, бул жаштар менен келечек ортосундагы көпүрө. Мындай иш-чаралар аркылуу иш берүүчүлөр менен жарандардын ортосунда түз байланыш түзүлүп, өлкөдөгү жумушсуздук деңгээлин кыскартууга чыныгы салым кошулат. Статистикага ылайык, мурунку жарманкелердин аркасында 200–300гө жакын адам кыска убакытта жумушка орношуп келген.